Мектептин курулган жылы: 1936-жылы
Имараттын сыйымдуулугу : 360 окуучуга ылайыкталган, азыркы учурда 496 окуучу билим алат.
Педагогикалык жамааттын саны: 38 мугалим, айкалыштырып иштегени – 1
Окутуу тили: кыргыз
Иштөө режими: 1-смен 8:00-13:00, 2-смен 11:25-15:35
Мектеп директору: Байчубакова Гульбара Тулобаевна
Юридикалык жактын фирмалык аталышы: “№76 орто жалпы билим берүү мектеп-лицейи” мекемеси
Менчиги: муниципалдык
Жайгашкан жери (дареги): Бишкек шаары Жибек – Жолу 272
Уюштуруу-укуктук формасы: мекеме
Идентификациялык салык номери: 41809200310146
Каттоо номери: 50045-3301-М-е
КОД ОКПО юридикалык жак: 20901478
ГПЮ сериясы: № 0039970
2019-жылы мектеп авариялык абалда деп табылып, мектептин окуучуларды Бишкек шаарындагы башка мектептердин (№4, №45) имаратында окуусун улантышкан. Ошол себептүү (имарат жок болгондугу) аккредитациядан өткөнгө уруксат берилген эмес. 2022-жылдын 1-апрелинен баштап КРнын президентинин көрсөтмөсү менен Бишкек шаарында көптөгөн мектептер салына баштаган. №76 мектеп-лицейинде да оңдоп-түзөө иштери башталган. 2022-жылдын 28-сентябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун, борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин катышуусунда №76 мектеп-лицейи капиталдык оңдоодон кийин ачылды. Мектептин конструкциясы да бекемделген.
Реконструкциялангандан кийин мектеп 360 окуучуга ылайыкталган. Мектептин бир блогунун жер төлөсү да бар.
Курулуш иштерин подряддык уюм «Арай» ЖЧКсы жүргүздү.
Мектеп 2 кабаттан турат, 19 окуу кабинети, спорт залы жана 40 орундуу ашкана бар, воркаут, китепкана бар.
Мектептин иштөө миссиясы: Улуттук салттарды урматтаган, заманбап жана жеткиликтүү билимге ээ болгон, руханий дөөлөткө бай инсанды калыптандыруу